Дүйнө

Кызамык, кызылча менен ооругандар коронавирустан корголгонбу? Врачтын жообу

Кызамык (ветрянка), кызылча (корь) болуп ооругандар, же аларга каршы эмделгендер, кандайдыр бир деңгээлде коронавирустан корголушу ыктымал, деп так кесе айтыш мүмкүн эмес, деди “Бешинчи каналга” (Россия) врач-иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Алексей Попович. Бул туурасында 9-апрелде МК (Московский комсомолец) билдирди.

Бирок, адамдын коронавирустан иммунитети кандай экени биринчи кезекте генетикага жана жашоо образына байланышкан. Эгерде бейтаптын өнөкөт оорулары болбосо, анда ал бул илдетти жеңил көтөрөт.

Мындан тышкаары иммунитетке таасир берүүчү айрым факторлор бар. Ал: чала уйку, чала тоют жана бат-баттан стресс болуу. Мындан сырткаары Попович, ММКлар жазып жатышкан туберкулезго каршы вакцина БЦЖны коронавирустан  сактайт деген –миф  деп айтты. Бул азырынча илимий жактан  бышыктала элек, бар болгону божомол.

Мурда көптөгөн медиктер антибиотиктер коронавируска таасир бербейт деп айтышканын белгиледи, Попович. Ар кандай дарылар менен өзүн-өзү дарылай берүү опурталдуу, анткени ал инфекциядан кутултпай, жаңы ооруларга кириптер кылышы ыктымал,  деди адис.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button