ИИМ. Баласын сабаган атаны кармоо боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө

Учурда ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгү тарабынан өз баласын сабаган жарандын кайда жүргөндүгүн аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Бүгүн Интернетте жана «WhatsApp» мессенджеринде   болжол менен 3-4 класста окуган баланы сабаган видео тараган. Бул боюнча  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, видеодо жеткинчек баланы сабап жаткан жарандын өздүгү такталып, ал  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу  тургуну экендиги маалым болду. Ал эми анын аялы 1987-жылы туулган Ж.Ж., экендиги да такталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жаран үй-бүлөсү менен 2019-жылы 16-октябрда Россия Федерциясына учуп кетишкендиги аныкталган.

Учулда аталган маалымат боюнча  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүүдө.

ИИМ Басма-сөз кызматы