Окуялар
Россиянын атактуу Большой театрында кишинин өлүгү табылды
Москвадагы Большой театрдын көркөм-өндүрүштүк мастерскоюнда кырсык болду – бычак жеп каза тапкан эркектин өлүгү табылды, деп жазат РЕН ТВ 17-апрелде.
Өндүрүш комплекстеринин биринде эки техникалык адис дежур болушкан. Экөөнүн ортосунда азырынча белгисиз бир себептер менен чыр-чатак чыккан. Ошондо экөөнүн бирөө бычагын алып чыгып экинчисин бир нече жолу сайып-сайып салган.
Натыйжада жабырлануучу ошол жерде эле көз жумган. Кылмышка шектелген адам азыр камакта, болгон окуя тууралуу көрсөтмө берип жатат.
Abal.kg