Дүйнө

Бул вирус табиятта кездешпейт, аны илимпоздор жараткан деди Нобель сыйлыгынын ээси

2008- жылы ВИЧти (СПИД) ачканы үчүн Нобель сыйлыгын алган француз вирусологу Люк Монтанье,  COVID-19  коронавирусу лабораторияда илимпоздордун колунан жаралган деп айтты. Бул туурасында  17-апрелде МК жазып чыкты.

Бул вирус табиятта кездешпейт, ал жасалма түрдө ВИЧтин бөлүкчөлөрүн кошуу менен жасалган, деп белгиледи илимпоз. Коронавирус менен манипулияция жасашкан деп эсептейт Монтанье. Мунун баарын молекулярдык биологдор жасашкан. А эмне үчүн экенин Монтанье билбейт.   «Менин ишим – фактыларды алып чыгуу. Мен эч кимди күнөөлөбөйм, муну ким чыгарганын, эмне үчүн чыгарганын да билбейм», — деди окумуштуу.

Анын божомолунда — окумуштуулар СПИДке каршы вакцина табууга аракеттенишкен.

Бир аз мурда Pourquoi docteur порталына берген интервьюсунда Монтанье коронавирус Ухандын лабораториясынан чыккан деп айткан.

Коронавирус жасалма түрдө жаралган деген версия өтө олуттуу тараптар тарабынан айтылып жатат. Бир аз мурда эле америкалык ММКлар Уханда кытайлыктар менен америкалык биологдор атипичная пневмонияга (SARS) каршы эффективдүү дары табуу үчүн атайын вирус жаратуу боюнча сыноолорду өткөрүшкөнүн айтып чыгышкан.

Эскерте кетсек, коронавирустун чыгышына Кытай менен Иран АКШны (биологиялык курал дешип), ал эми америкалыктар тескерисинче кытайлыктарды күнөөлөп жатышат.

Коронавирус дүйнө жүзүндө (17.04.2020):

жуктурганы- 2 244 303;

-айыкканы- 569 699;  

-көз жумганы -154 219.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button