Окуялар

Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйүүдө. Жабыркаган аялдар 21-50 курактагылар

2020-жылдын январь айынан баштап Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, укук коргоо органдарына 2 миң 319 киши кайрылган.

Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 65 пайызга жогору. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 105 кылмыш иши козголгон.

Алардын ичинен зордуктоо фактысы жети, ал эми денесине оор залака келтирүү, үйдөгү чыр-чатак, майда бейбаштык менен катталгандар да бар.

Жабыркагандардын 95 пайызы аялдар, алардын жаш курагы 21 жаштан 50 жашка чейинкилер.

ИИМдин аныктамасы боюнча карасак көпчүлүк жабыркагандардын ичинен укук коргоо кызматкерлерине кайрылгандар бардык аймактарда көп. Жалал-Абад обласында гана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кабылгандардын кайрылуусу азыраак катталган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button