Коом

“Апрель баатырлары” Рыскелди Момбековдун “түбүнө” жетеби?(видео)

Парламенттеги депутат Рыскелди Момбековго күн өткөн сайын нааразы болгондордун саны арбыды. 2010-жылга чейин журналисттердин катарында жүрүп, Апрель ыңкылабынан кийин заматта байыган бул депутаттын эл алдында башканы сүйлөп, көшөгө артында ошол сөзүнө карама-каршы болгон “чайлашууларды” өткөрүп келгени ачыкка чыкты. Тактап айтканда эки сөзүнүн бири болгон “бакиевчилер” менен арак ичип, шапар тээп жатканын тастыктаган тасма жакында тарады. Анда Курманбек Бакиевдин бүгүнкү күнгө чейин байланышып жүргөн эң ишеничтүү генералдары Молдомуса Конгантиев жана Нурлан Турсункуловдор менен чер жазып олтурганын байкоого болот.

Бул видео ачыкка чыгып кетери менен Момбеков акыры актаныптыр. Андагы жүйөсү «Баарын эле Бакиевдин «куйруктары» деп кодулай бергенде болбойт, мен Конгантиев менен жакшы мамиледе экениме сыймыктанам», — деген болуптур.

Бирок, 7-апрелде жакындарын жоготкондор үчүн Момбековдун бул аракети өтө оор сокку болду. Айрым “Апрель баатырларынан” турган уюмдар атайын кайрылуу да жолдоду. Ошол эле “Мекен шейиттери” коому Рыскелдинин бул аракетин накта эки жүздүүлүк катары баалаган. «Бул адам өзүнүн деңгээлин, ички дүйнөсү канчалык кир экендигин көрсөттү! 7-апрель болбогондо, жакындарыбыз каза таппаганда, көптөгөн азыркы чиновниктер, Момбеков баш болуп, азыркы Ак үйдө эмес, түрмөдө чирип, же болбосо бакиевдердин колунан тиги дүйнөгө кете беришмек. Ошону Момбековго жана калгандарына билдирип кетебиз!!  Бул адам биздин балдарыбыздын атылышына түздөн-түз күнөөлүү канкор “генералдар” — Конгантиевди, Турсункуловду жана Эльмурза Сатыбалдиевди актап-мактап жатканы, БИЗ — балдарын, жолдошторун, аталарын жоготкондор ызырынуудабыз! Момбековдун эч кимиси өлгөн жок! Бизге окшоп он жылдан бери кан жутуп олтурган жок! Ага элдин астында кооз сүйлөп, депутаттык орун керек, саясат кылып, элдин башын айлантып, жеке кызыкчылыгын ишке ашырыш керек! Эртең Жаныш Бакиев болобу, Курманбеги болобу, же Урицкий болобу, алар менен чогуу чай-арак ичишине таң калбайбыз! Кудай көрүп турат! Момбековдун эки жүздүү жасаган иштерине, кудай жана убакыт таразалайт!», — деп айтылат “Мекен шейиттери” уюмунун билдирүүсүндө.

Ал эми апрель баатыры Восток Алманбетов Момбековго атайын кайрылуу жолдоп, карантин бүтсө жолугуп, “эркекче” сүйлөшөрүн билдирген. «Рыскелди Момбеков, мына мен бутума снайперден ок жеп, ден соолугумдан айрылып, 2-топтогу майыпмын. 2 смге бутум кыскарган. Сен эмне деп былжырап жатасың? Жанагы бизди аттырган, качып кеткен президенттин оң колу, сол колу менен балпайып алып арак ичип отурасың. Рыскелди көзүңдү ач! Карантин бүтөт, жолугабыз, сүйлөшөбүз. Эч айоосуз сүйлөшөбүз. Сенин бир бир тууганың, же бир жериң жаракат алды беле? Балдарынан айрылган, күйөөлөрүнөн айрылган «Мекен шейиттеринин» жанына барып көрдүң беле? Зыркыраса алардын астында жооп бере албай каласың. Рыскелди, карантин бүтсө мандатыңды тапшырып, эртерээк эле кетип калышыңды мен талап кылам. Мен сени менен эки балдак менен барып сүйлөшөм. Көзүңдү ачып жүр жигит. Мындай бузукулук кылба! Эч качан апрель баатырлары сени соо койбойт. Мага саат сайын телефон чалуулар болуп жатат. Талкуу болуп жатат. Эсиңе келтиребиз!», — дейт ал.

https://www.facebook.com/100032568450942/videos/230274668068147/?t=2

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button