Дүйнө

Дарига Назарбаеванын күтүүсүз отставкасынын себеби эмне

Мындан бир аз мурдараак эле Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин 2-майдагы жарлыгы менен, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты Дарига Нурсултановна Назарбаеванын ишмердүүлүгүн токтотулгандыгы айтылган.

Бул тууралуу маалымат 2-майда Казакстан Республикасынын расмий сайтына жарыяланган.

Президент Касым-Жоомарт Токаев Дарига Назарбаевага ыраазычылыгын билдирди.  

Азырынча президент Токаев да, Назарбаева да анын отставкасынын себептерине комментирий беришкен жок. Казакстан Республикасынын массалык-маалымат каражаттары бул күтүүсүз отставка тууралуу азырынча үн катыша элек.

Сенаттын спикери  палатанын депутаттарынын арасынан пленардык жыйында шайланат. Ушул жуманын бейшемби күнү эле мындай жыйын Дарига Назарбаеванын төрайымдыгынын алдында өткөн.  

Сенат 49 депутаттан турат, 34 аймактардан – ар биринен 2ден, калган 15и президент тарабынан дайындалат.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button