Маданият

«Уяты жок аял»: теледоктор Малышеванын Нью-Йорктогу алтын сарайы россиялыктарды кыжырдантууда

Нью-Йорктун чет-жакабелиндеги заңгыраган, кооз үйдүн сүрөттөрүн россиялык оппозиционер Алексей Навальный жарыя кылган. Анын сөзүнө караганда 6,4 миллион долларлык бул үй  врач жана телеалыпбаруучу Елена Малышевага таандык, деп билдирди NUR.KZ.

Кезектеги иликтөөлөрдүн тыянагы Навальныйдын сайтына жарыяланды. Ал 2016-жылкы баасы 6,4 миллион долларлык үйдүн фотографияларын жарыялаган. Үй 21 бөлмөдөн турат, жалпы аянты — 1,1 миң чарчы метр. Макаланын авторунун айтуусуна караганда, үйдүн ичи толук бойдон алтынга жалатылган, стулдар бархат менен капталган, ондогон хрусталь люстралар, күзгүлөр жана мрамор камин көз жоосун алат.

Макаланын авторлору «Алтын сарай», деп атаган бул үй Нью-Йоркто, Нью-Джерси штаты менен чектешкен жерде орун алган. Иликтөөнүн авторлору үйдүн документтерин көрсөтүшүп, аны врач жана белгилүү теле алып баруучу Елена Малышева сатып алганын айтышты. Бул үй популярдуу медикке таандык экенин далилдеш үчүн, алар алып баруучунун кол тамгасынын үлгүсүн кошо чыгарышты.

Иликтөө жүргүзгөн журналисттердин маалыматтары боюнча төгөрөгү төп келген бул үйдө азыр теле алып баруучунун уулу жашайт.

Бул материал россиялыктардын арасында аябагандай чоң резонанс жаратты. Алар теле алып баруучунун Instagram баракчасына толтура кыжырданган комментарийлерди  жазып чыгышты. Теле алып баруучу айласы кеткенде жаңы комментарийлерди жарыялоону өчүрдү. Бирок, эски посттордун алдында ондогон интернет пайдалануучулар жиндери келген комментарийлерди дагы эле жарыялап жатышат. «АКШда ушундай элитардуу кыймылсыз мүлккө акча кайдан табылат?», » Америкада жашаган кандай сонун», «Сиз уяты жок аялсыз», «Кадимки ооруканада врач болуп иштеп көрбөйсүзбү? Сизди караган  жийиркеничтүү», «Эмне деген шермендечилик, сөз жок, патриотка, блин», «Дарылаган экен да», — ушул сыяктуу жүздөгөн комментарийлер медиктин публикацияларынын алдында жайнап чыгып жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button