Дүйнө

Калининградда 350дөй медик оор учурда иштегенден баш тартышты Гиппократтын анты кайда?

Росиянын Калининград областынын 100дөй врачы жана  250гө жакын орто медициналык  кызматкери коронавируска каршы күрөшүү учурунда иштөөдөн баш тартышты, деп билдирди  аймактын саламаттык сактоо министри Александр Кравченко. Бул туурасында 5-майда Коммерсантъ жазып чыкты.

 «Ушул татаал учурда көп сандагы адамдар (медиктер) медициналык жардам берүүдөн баш тартышты –жүзгө жакын врач, эки жүз элүү орто медициналык кызматкер. Буга алардын себептери бардыр, мен кине кое албайм. Факт жүзүндө бизде  коронавирус окуясы башталганга чейин эле системанын (саламаттык сактоо системасы) 350 кишиси «орундарынан турушту да, чыгып кетишти», — деп айтты Кравченко журналисттерге («РИА Новости» агенттигинен алынган цитата).

Ошол эле учурда дарылоочу мекемелердин жетекчилиги 65 жаштан жогорку медиктерди ишке чыгарууга милдеттүү эмес болушчу, бирок ушул категорияга кирген көптөгөн врачтар менен медайымдар иштегени калышып, эмгектенип жатышат, деп айтты ал.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button