Бүгүн Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында атышуу болду

Бүгүн, 24-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жери Баткен облусунун Мойнок айылында дагы атышуу болду. Бул жерде мал жайган адамдардын ортосунда чыр-чатак чыкканы айтылат.

Тажикстан тараптан  белгисиз адамдар кыргызстандык чек арачыларды ок атуучу курал менен ата башташкан. Атышуулар  болджол менен 11.40та токтогон.

Кыргызстандын чек арачыларынан жабыркагандар катталган жок.

12.20да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматкерлеринин өкүлдөрү окуя болгон жерге барып жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Азыр абал туруктуу. Учурда эки тарап тең чырдын чыккан себебин  териштирип атышат.

Abal.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here