Асылбек Молдобаев: ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы коомдук тартипти камсыздоодо алгылыктуу иштерди аткарууда

Өлкө аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, анын ичинен ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы дагы тартылып, коронавирус илдетинин мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана алдын алууда алгылыктуу иштерди аткара алышты.  Ички аскерлер ардагерлеринин «Аскердик боордоштук» коомдук бирикмесинин Төрагасы Асылбек Молдобаевден ички аскерлердин өздүк курамы   коронавирус илдети тараган кезде ички иштер органдары менен биргеликте республикабыздын бардык аймактарында карантиндик иш-чараларды, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуудагы орду тууралуу маек курдук.

– Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал киргизилгенден баштап, Сиздин оюңуз боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздұк курамы тарабынан кайгуул-күзөт кызматы кандай уюштурулду? Өздүк курам коюлган тапшырманы аткара алдыбы?

– Биздин өлкөбүздө Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал киргизилгенден эле ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу милдетин аткара башташты. Ушул убакытка чейин суверендүү Кыргызстандын тарыхында Ички аскерлер ар түрдүү  окуяларда кызматтык милдеттерди аткарып келишкени анык(мисалы: сел, жер көчкү, эл аралык террористер менен күрөшүү), бирок биринчи жолу пандемия болуп, коронавирус илдети тараган кезде Ички иштер органдары менен биргеликте республикабыздын бардык аймактарында карантиндик иш-чараларды, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылышты. Бардык өзгөчө абалдагы иш-чаралар Ички коопсуздук аскер кызматынын күжүрмөн уставынын негизинде жоопкерчилик менен аткарышты. Өздүк курам карантин аймактарында кайгуул-күзөт кызматын ак ниеттүүлүк менен жогорку денгээлде уюштурушту деп эсептейм.

– Сиздин оюңуз боюнча, Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери кандай деңгээлде жүргүзүлдү?

– Аскердик жамаатта Аскердик антка бек туруп, жогорку моралдык духу, күжүрмөн даярдыгы баамдалып турду. Аскерлер кайгуул-күзөт кызмат өтөө убагында карантин аймагындагы жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, элдин сый-урматына ээ болушту.  Бүгүнкү күндө ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын  аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы жарандарга өзгөчө кырдаалдын шарттарын бузбоо боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүдө салымы чоң экендигин баса белгилегим келет.

– Сиздин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамына жана Кыргызстандыктарга калоо-тилектериңиз.

– ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы  мамлекетибиздин бүтүндүгүнүн жана кол тийбестигинин, жарандардын коопсуздугунун кепилдиги болуп, мурдагы ардагерлердин күжүрмөн салтын улантат деп бекем ишенемин.

Ички коопсуздук аскер кызматынын жетекчилигине жана өздүк курамына бекем ден-соолук, оор түйшүктүү кызматыныздарга жаратмандык ийгиликтерди, Кыргыз элине болсо тынчтык жана бейпил жашоону, мамлекетибиздин өнүгүүсүн каалаймын.

ИИМдин ИКАКтын Басма сөз кызматы