Казакстандын саламаттык сактоо министри коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов өзүнүн коронавирус жуктуруп алганын Казакстандын жергиликттуу маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Елжан Биртанов ММКга берген маалыматында:

“Достор, акыркы ирет тапшырган анализде коронавирус жуктуруп алганым аныкталды. Тилекке каршы, бул белгиси көп билинбей турган формасы эмес экен. Андыктан жугуштуу оорулар госпиталында жатууга мажбур болдум”, — деди Биртанов.

Ошондой эле санитардык эрежелерди канчалык карманганына карабай вирусту жуктуруп алганын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, Казакстанда коронавируска кабылгандардын саны 14 миңден ашты. Алардын ичинен 73 адам каза болду.