Коом

Кубатбек Боронов өлкөгө карантин киргизүү акыркы чара экенин айтты

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында  акыркы кездеги коронавирустун жайылышы тууралуу маалымат берди.

«Коронавирустук пандемия учурунда Кыргызстанда карантин чараларын киргизүү башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу оң натыйжа берди. Бирок экономика толугу менен ордунан туруп калгандыктан экономикалык иш-аракеттерди жандандырууга аргасыз болдук. Аймактарда кырдаал көзөмөлгө алынып, Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусу тынчсыздандырууда. Андыктан санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз. Кайра карантин киргизүү – бул акыркы чара », – деди К. Боронов.

Эскерте кетсек,  акыркы учурда Кыргызстанда коронавирус илдети жайылып,  Бишкек жана Чүй облусунда абдан көп катталып жатканы коомчулукту тынчсыздандырып келет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button