ИИМ: Бийликти күч менен басып алууга «WhatsApp» мессенджери аркылуу чакырык жасаган жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «WhatsApp» мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу 2020-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын алдында азыркы бийликти күч менен басып алууга багытталып өтө турган 9 мүнөттүү болгон аудио көчүрмөнү жердиги Балыкчы шаары, учурда Чүй облусунун жашоочусу 1981-жылы туулган жаран Т.А. тараткандыгы аныкталган.

Ошол эле күнү, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган. Андан сырткары, 2020-жылдын 17-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «WhatsApp» мессенджери аркылуу “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда РФдин Москва шаарынджа жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган М.Т. аттуу жаран «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” аталышындагы чакырыкты аудио жазуу түрүндө тараткан.

2020-жылдын 17-июнь күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча КЖБРге катталган.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, атайылап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

ИИМ жарандарды интернетте, «WhatsApp» мессенджеринде кандайдыр-бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефону аркылуу малымдоого чакырат.

ИИМдин Басма сөз кызматы