Бишкектин ооруканаларында орун жок. Адамдар эмне кылышы керек, эч ким билбейт

Бишкектин ооруканаларында орун жок. Бул туурасында борбордун мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Анын малыматын ыкчам медициналык Борбордо да бышыкташты – стационарларда бейтаптар жык-жыйма, алар оорулууларды кабыл албай жатышат.

Төрт райондо ачылган күндүзгү станционарлар оорусу оорлорго ылайыкталган эмес – буларда тамчылатма дары алып, ийне сайдырып, медиктер менен консультация кылса гана болот.

Ден соолугу начаралаган, коронавирус инфекцияларынын же пневмониянын ачык белгилери бар, деми кыстыккан адамдар эмне үчүн жардам ала албай жатышканын, мэрияда да, саламаттык сактоо министрлигинде да, республикалык штабда да түшүндүрүшпөйт.

Бизнесмендер өз мейманкаларында ачып жатышкан көптөгөн бөлүмдөр, профессионалдуу жана сапаттуу врачтык жардам көрсөтүүгө ылайыкталган эмес – аякта медиктер жок же жетишпейт.

24.kg маалымат агенттигинен кыргызчага которулуп алынды. https://24.kg/obschestvo/158388_vbolnitsah_bishkeka_net_svobodnyih_mest_chto_delat_lyudyam_nikto_neznaet/