ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмония менен ооруканага жаткырылды

Жогорку Кеңештин сыркоолоп калган депутаты Кубанычбек Жумалиевге пневмония деген диагноз коюлду. Бул маалыматты 24.kg маалымат агенттигине анын коллегалары бышыктап беришкен.

Алардын сөзүнө карганда Кубанычбек Жумалиев азыр ооруканда. Медиктер анын абалын орточо оор катары баалашууда.