Коом
Кыргызстанда 361 кишиден СOVID-19 аныкталды. Илдеттен 4 адам, пневмониядан 42 бейтап көз жумду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска 2600 анализ алынып, анын ичинен илдетти 361 адам жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Бектургановна Акматова брифинг учурунда билдирди.
Аймактар боюнча:
Бишкек – 150
Чүй – 59
Ош шаары –43
Ош областы – 28
Нарын – 18
Жалал-Абад – 25
Баткен -20
Ысык- Көл – 17
Талас — 1
4 киши каза тапты. Жалпы каза тапкандардын саны 116 киши.
Пневмониядан 42 киши каза тапты. 2020-жылдын мартынан бери каза тапкандардын жалпы саны 310ду түздү.



