Казакстанда коронавирустан 51 медицина кызматкери көз жумган

Казакстанда коронавирус тумоосунан 51 медицина кызматкери кайтыш болгон. Бул туурасында товар менен кызмат сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө комитетинин төрагасы Тимур Султангазиев 16-июлда өткөн брифингде билдирди.

Ал ушул учурда канча дарыгер коронавирус жуктуруп алганын, ошондой эле кайтыш болгон медицина кызматкерлеринин туугандарына өкмөт убада кылган 10 миллион теңге (24,2 миң доллар) төлөнгөнүн, же төлөнбөгөнүн так айта алган жок.

Казак бийлиги инфекция жуктуруп алган медицина кызматкерлерине эки миллион, кёз жумгандарына 10 миллион теңге төлөөгө убада берген.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин саны 65 миңден ашты. 39 миңдей бейтап сыркоодон сакайып, 396 бейтап көз жумду.