Пайдалуу кеңештер

Окумуштуулар капуста вируска каршы эффективдүү күрөшөөрүн далилдешти

Монпелье (Франция) университетинин окумуштуулар командасы организмдин коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүсүнө өтө пайдалуу продуктыны таап чыгышты. Бул тууралуу POPMECH.RU сайты жазып чыкты.   

Француз  иликтөөчүлөрүнүн маалыматтары боюнча, капустанын ар түркүн түрлөрү өтө популярдуу болуп саналган өлкөлөрдө, мисалы  Россия, Германия жана Түштүк Кореяда, коронавирустан көз жумгандардын саны кескин төмөн. Окумуштуулар капустада COVID-19дун оор формада өтүүсүнө тоскоол боло турган заттар, ал эми ачытылган капустада ар кандай патогенге каршы  организмдин коргонуусун күчөтө турган антиоксиданттар бар, деп белгилешет.

Ачытылган капуста (квашенная капуста) Германия менен Россиянын улуттук тамагы деп эсептелет.

Кореянын традициялуу тамагы «кимчи» да ачытылган капустанын бир түрү болуп эсептелет.

Дем алуу системасын чыңдай турган продуктыларга жумуртка, күрүч, балык, жаңгак кирет. Өпкө начарлай баштаганда организмдин белокко болгон муктаждыгы дароо күчөйт, а жумурткада майларды ээритүүчү витаминдер, маселен А витамини, ошондой эле сапаттуу белоктор бар

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button