Пакистандык студенттерди сабаган адамдар камакка алынды

Пакистандык студенттерди сабаган адамдар камакка алынышты. Бул тууралуу, ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 31 жаштагы Э.О. аттуу Ысык-Ата районунун тургуну жана Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургундары Д.А. жана К.Б. 1 айга камакка алынышты.

Эскерте кетсек, 21-июль күнү Кыргыз Республикасынын жарандары Аламүдүн районунун ИИБнин жана Чүй облусунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан кармалган. Аларга Пакистандык студенттерди Кой-Таш айылында сабаган деген айып тагылган.