Коом

Пневмониянын баары эле коронавирус эмес, деди Кыргызстанга келген орус врачы

Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институнун директорунун орунбасары, медицина илимдеринина доктору, профессор-инфекционист Наталья Юрьевна Пшеничная, эмне себептен адистер пневмонияны коронавирус деп бышыктай албай тургандыгын 24.kg маалымат агенттигине билдирген.

Анын сөзү боюнча пневмониянын чыгышынын (этимология) ар түрдүү себептери бар — вирустук дагы, бактериалдык дагы. Традиция боюнча пневмонияга өтүшүп кетүүгө грипп себепкер болот. Бирок азыр анын сезону эмес.

Медициналык профессионалдык чөйрөдө бул туурасында талаш-тартыш ушул кезге чейин уланып жатканын айтып коюш керек.

Адамдар мурда деле пневмония менен оорушчу, дейт Наталья Пшеничная. Бирок оору диагностикадан өтчү эмес, анткени дээрлик эч ким рентгенге тарттырчу эмес. «Кээ бир бейтаптар оорудан басып-жүрүп эле айыгып кетишчү, пневмония экенине кенедей да шек кылбай», — деп кошумчалаган профессор.

Профессордун маалыматы боюнча дагы толтура бактериалдык агенттер бар.

«Маселен пневмококк. Коронавирус пандемиясынын башталышы менен көптөгөн мамлекеттерде пневмококкту диагностикалоого азгырылып кетишип, пневмония экинчи планга сүрүлүп калган. Азыр массалык түрдө пневмонияны таап чыгып жатышат, анткени адамдар баштан-аяк өпкөнүн компьютердик томографиясын жасатышууда. Мурда, сасык тумоологондо, бул процедураны эч качан жасаган эмес», — деди, доктор.

«Азыркы этапта пневмонияны көп таап жатышат. Бирок, пневмония вирустук жана бактериалдык болоорун эстен чыгарбоо маанилүү. Пневмониянын баарын эле коронавирус деш — туура эмес», -деп айткан Наталья Пшеничная.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button