Футбол: кыргыз премьер-лигасында 8 команда калды

Кыргызстанда футбол боюнча 2020-жылдагы сезондун премьер-лига, улуттук лига жана Кыргыз Республикасынын кубогу мелдештеринин регламенттерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселе КФСтин Аткаруучу комитетинин кечээ өткөн онлайн-жыйынында каралып, бир катар өзгөртүүлөр киргизилген.

“Мелдештин форматы жана катышуучулары жаңыланды. Оюнчуларды каттоо, беттештер эми медициналык регламент жана Футбол ассоциацияларынын эл аралык кеңеши (IFAB) бекиткен эрежеси менен өтөт. Жыйында “Лидер” клубу премьер-лигадан чыккандыктан мелдештин 8 командадан турган жаңы курамы бекитилди”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкөдөгү кырдаал эске алынып, футбол чөйрөсүндөгү жылдын мыктыларын аныктоочу KFU Football Awards – 2020 аземи быйыл өткөрүлбөй турган болду.