Коронавирустан сакайган адам ден соолукту кантип калыбына келтириш керек. Адистин пикири

Коронавируска кабылгандар сакайгандан кийин ден соолугун кантип калыбына келтириши керектигин Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева брифинг учурунда түшүндүрүп берди.

Адистин айтымында, оорунун орточо жана өтө оор формаларынан сакайган адамдарга калыбына келүүгө бир топ убакыт талап кылынат. Бул аралыкта алар алсырап, демигип бат чарчайт. Ошондой эле киши мурда кылып жүргөн нерселерди жасай албай, тез эле чаалыгып калат.

Бул күндөрү адам тамак-ашына өзгөчө көңүл буруусу керек. Мисалы, белок жана витаминдерге бай азыктар организмди тез арада калыбына келтирет.

“Айран жана дүкөндүн кефири ичеги-карындын ишин жакшыртат. Майы жок уй эти менен канаттуу этин кайнатып жеш керек. С витаминине бай лимон, болгар калемпири, карагат, шпинат, петрушка өтө пайдалуу. Суусундуктан жалбыз, ит мурун, шалфей кошулган чай, компот жана морсторду ичүү керек”, — деди Алтымышева.

Ал эми куурулган, ышталган, өткүр даамдуу тамактардан убактылуу алыс болгон туура. Туз, кант жана ачуу калемпирден дагы баш тартуу керек. Мындан тышкары, коронавирустан жаңы сакайган адамга чылым, ичимдик жана газдалган таттуу суусундуктар эки эсе зыян алып келери кошумчаланды.

Ошондой эле адис сегиз сааттан кем эмес уктоону жана мурдагыдай эле бардык санитардык нормаларды карманууну сунуштайт.

Вирустан кийин адам чыйрыкпоого, суук тийгизип албоого аракет кылышы керек.