Окумуштуулар: Иттер коронавирусту 94 процентке туура аныктай алышат

Иттер коронавирусу бар суюктуктун жытынан илдетти аныктай алышкан. Адистердин бышыктоолоруна караганда, иттер 94%ке туура аныктоого жетишишкен. Иликтөө Ганновердин  ветеринардык медицина Университетинде өткөрүлгөн деп билдирди BMC Infectious Diseases.

Адегенде окумуштуулар, иттер аэропорт, стадион жана башка эл көп топтошкон ачык жерлерде коронавирус инфекциясынын массалык таралышын алдын алууга жардам берүүгө жөндөмдүү, деген божомолду айтышкан.

Иликтөөчүлөр өткөрүшкөн экспериментке сегиз ит катышкан. Тренировканын жаңы формасын өздөштүрүп, адатка айлантуу үчүн жаныбарларга эки жума талап этилген. Андан соң окумуштуулар аларды жети күн үйрөтүшкөн.

Эксперименттин экинчи этабында адистер  контролдук иликтөө жүргүзүшкөн. Ал иликтөөгө жети бейтаптын жана жети дени-карды соо адамдардын биоматериалдары пайдаланылган. Иттерге бейтаптардын шилекейлерин аныктоо милдети коюлган. Жаныбарлар 94%ке чейин туура таап чыгышкан.