Минскинин трактор заводунун жумушчулары Лукашенкону “Кет!” деп жапырт куушту (видео)

Мындан бир күн мурда Александр Лукашенко иш таштап жаткан заводорду кыдырып коллективдери менен жолугушуу үчүн аттанган. Минскидеги трактор заводунун (МТЗ) коллективи менен биринчи эле жолугушууда жумушчулар аны ит талагандай кылып, “Диктатор!”, “Кет!”, “Кет!”, деп куушту. Бул жолугушуудан соң ал башка коллективдерди кыдырган жок. Тек гана, айрым коллективдерде анын видеокайрылуусу көрсөтүлдү.

Лукашенкону жумушчулар “Кет!”, деп кууп жаткан учур интернетке тарады.

Эсиңерге сала кетсек, 9-августта Белоруссияда өткөн президенттик шайлоодо Лукашенконун кол алдындагы административдик күч добуштарды фальсификациялап, ага 80% алып бергенден кийин, бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык акциялары өтө баштады. Бийлигин сактап калууга жандалбастаган Лукашенко тынч демонстрацияга чыгып жаткан элине каршы армия менен ички иштер министрлигинин жоокерлерин колдонду. Алар элди аесуз кызыл-жаян кан кылып сабашып, 7 миң кишини камашкан. Камак учурунда камалгандарды жылаңач чечинтип туруп, чөгөлөтүп сабашкан. Эки демонстрант өлтүрүлдү.

Сабалган демонстрант.

Лукашенконун бийлигинин адам көргүс мындай зулумдугу элди ого бетер кыжырдантып, бүтүндөй Белоруссия боюнча массалык нааразылык акциялары тынбай өтүп жатат. Оппозиция, эл аралык байкоочулардын катышуусу, видеокөзөмөл менен 15-сентябрга чейин кайра шайлоо өткөрүү чечимин жарыя кылды. Дүйнөлүк коомчулук Лукашенконун бийликти фальцификация жолу менен мыйзамсыз басып алып, бергиси келбей жатканын, элине болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен зомбулук көрсөтүп жатканын өтө кыжырдануу менен айыптап жатышат. АКШ менен Евросоюз Белоруссияда кайрадан президенттик шайлоо өтүшүн катуу талап кылышууда.