ВИДЕО: Саламат Садыкова таза кыргыз тууралуу тамашалай коем деп талкууга түштү

“Cаламат Садыкова тамашалайм деп, таламайга калды”, деп фейсбук баракчасында Садырбек Калдарбаев жазып чыкты.
“Ютуб каналында “Акыркы Кабарлар” деген чыгарылышында Санжар Калматай “Саламат Садыкова Нарынды КЫТАЙЛАШЫП кеткен ДЕП…” деген видеобаян жарыялады. Ал жерде, кыргыз дайыма оюн-чыны аралаш айта жүргөн “кайсы кыргыз таза” деген тема козголгону көрүнүп турат. Саламат Садыкова таза кыргыздар Алай, Алайкуу, Кара-Кулжада деп айтып келип, “Нарын” деп бирөө кошумчалай койсо, “Ата-Башы менен Нарындыктар кытайлашып кеткен, дунгандын каны бар” деп коюптур.

Албетте, бул тек гана тамаша ирээтинде айтылганы көрүнүп турат. Бирок, интернетте Саламат Садыкованын айтканы катуу талкуу жаратып жатат”,- деп бүтүм чыгарган Садырбек Калдарбаев.

Тексттине кошумча кылып, Садырбек Калдарбаев Санжар Калматайдын “Акыркы кабарларынын” толук видеосу бул ссылкасын кошо берип: https://youtu.be/gjWdwRaJnU8
Ал эми Саламат Садыковага тийиштүү үзүндүсүн өзүнчө жарыялаган:

Cаламат Садыкова тамашалайм деп, таламайга калды. Ютуб каналында "Акыркы Кабарлар" деген чыгарылышында Санжар Калматай "Саламат Садыкова Нарынды КЫТАЙЛАШЫП кеткен ДЕП" деген видеобаян жарыялады. Ал жерде, кыргыз оюн-чыны аралаш дайыма айта жүргөн "кайсы кыргыз таза" деген тема козголгону көрүнүп турат. Саламат Садыкова таза кыргыздар Алай, Алайкуу, Кара-Кулжада деп айтып келип, "Нарын" деп бирөө кошумчалай койсо, "Ата-Башы менен Нарындыктар кытайлашып кеткен" деп коюптур. Албетте, бул тек гана тамаша ирээтинде айтылганы көрүнүп турат. Бирок, интернетте Саламат Садыкованын айтканы катуу талкуу жаратып жатат.Санжар Калматайдын "Акыркы кабарларынын" толук видеосу бул ссылкада: https://youtu.be/gjWdwRaJnU8Ал эми Саламат Садыковага тийиштүү үзүндүсү төмөнкү:

Опубликовано Садырбеком Калдарбаевым Воскресенье, 30 августа 2020 г.

Албетте, Саламат Садыкованын кыргызды бөлүп-жарайын деген кенедей да оюу жок экени көрүнүп турат. Эми, искусство менен маданияттын адамы андай ишке барбайт да. Бирок, тамашаны да этиеттеп айтыш керек экенин интернеттеги талкуудан улам көрсөк болот.