Маданият

Саламат Садыкова Ат -Башылыктардан кечирим сурады

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкованын “Ат-Башы, Нарын кытайлашып кеткен. Биз тунук кыргызбыз!”-деп  айтылган сөзүнүн тегерегинде сын пикирлер айтылып жатат.

Буга байланыштуу ырчы тасмага тартылып алынган сөзү тууралуу төмөнкүдөй пикирин жарыялап, Ат-Башы элинен кечирим сурады:

“Улуу урматтуу Ат -Башылыктар кечириңиздер, кечиресиздер ! Карантүнгө кабылганы адамдар жансоогалап агарды, жумшарды, жүрөктөр сыйга толду дегемин… Атаганат жамандыка шайма-шай көбүгүн сапырган көккө учурууга, адамды жарга түртүп салып, моокумдары канып жаткандардын, топ-топ болуп мени сындырууга, болушунча кадырыма бок сүйкөгөнү даяр жүргөндөрдүн тойлоп жаткандыгында, эртең дагы бир кыргыздын көзүн жабалактап, боктобосо эле кубанамын. Өсүп жатыптыр биздин коомдогу жаракаттын, жарылуунун авторлорунда хайптын артындагы калптын казаны ушуну менен агарып кетсе мен башымды төмөн түшүрүп кечирим суроого жалпы ак ниеттүү адамзаттын урпактарынын бийиктеп көктөгөнүн көргүм келет!

Бар болгула оболу, асыл элим!

Астра айланайын, өмүрүңө өмүр берсин жараткан. Мен жанымдагы кишини таптакыр тааныбаймын, ошол күнү таза аба эңсеп барганымда да бир жума бою, жалаа ушактардын астында калып, көңүлүмдү аруулап келсем деген гана жан далбасамдын артында изимден атайын аңдыган кара ойлуулардын, камданып барып, тооруй чыгып өздөрү сөздү баштап, мен ооба туура айтасыз өзүбүздү сыйлайлы, босогобуздан сырттан каптагандар да жетиштүү деген ак көңүлдөн айтылган оюмдун бурмалап жатканын билсемчи….

Мен ошол тегеректеп тургандарды тааныбаймын, бир үй-бүлө болсо керек деп түшүнгөмүн. Көрсө, мени каралоо үчүн уюшулган топтордун бар экени тынчтыгымды бузуп, түн уйкумдан ажыратып, ден-соолугумду алсыратышып, ашынып жаткандарга теңеле албаймын.

Уят, абийирден кеткендерге: ала салдырып оолугуп, чарпылбагыла, мен бүтүндөй Кыргыз элимдин түшүнүктү жүрөктө тумардай сиңирген адаммын.

Ат-Башы деген токулган жомоктун артында мени коодоп жаткандарды тукуруп жаткандарга да сөздүн астарындагы башы, түпкү мааниси кайда такыр бурмаланып кетти…

Астра, жети дубан элиндеги сыйдан этегим толгону ырас, кызганып жаткандар да жок эмес. Кантсек коолоп катардан чыгарабыз деген көксөгөндөр менен да өмүрүм кечирим менен келатканын бир кудай гана күбө. Жалпы Ат -Башы элинен кечирим сураймын, ар бир үй-бүлөгө тынчтык берсин жараткан”. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button