Коом

Калк ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрдын аягында массалык түрдө оорушу күтүлүүдө

«Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. <…> Биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», – деди премьер-министр, Республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

«Премьер-министрдин тынчсыздануусунун негизи бар, -дейт, өзүн Ысманаалымын деп тааныштырган аксакал, редакциябыз менен байланышып. -Анткени, кечээ эле июль айынын оор күндөрүн башынан өткөргөн эл, андан сабак алгандын ордуна, көчөдө беткапсыз жайбаракат жүргөнү, социалдык дистанцияны сактаганды мындай коелу, транспортто тыгылышып жол жүрүп, той-аштарды биринен сала бирин жарыша өткөрүп жатканы, эпидемиологиялык ситуацияны курчутуучу эң негизги себептер болуп саналат да. Ушуну түшүнүүгө чоң акыл керекпи?

Бул эмне, кыргыздын дагы эле кезектеги кенебестигиби? Май-июндагы кенебестиктин кесепети июль айындагы оор кырдаалдын түзүлүшүнө алып келгенин бир заматта унутуп койдукпу? Же кыргыз өз ден соолугуна карата да, өзгөлөрдүн ден соолугуна карата да ушунчалык жоопкерчилиги жок элби», -деп, күйүп-бышты Ысманаалы аксакал.

«Болбосо, азыр, ушул тапта эпидемиологиялык абалдын талаптарын тыкан сактаган Европада да, экинчи толкун келип калды, деп, катуу тынчсызданышып карантиндин шарттарын өтө катаал карманып жатышат. А кыргыздар бир ойлонуп койсо боло…», -дейт Ысманаалы аксакал кейип.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button