Коронавирустан айыккандан кийин ден соолукту кантип калыбына келтиребиз. Адистин сунушу

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери COVID-19 илдетинен сакайгандан кийин толук калыбына келүү үчүн сунуштамаларды иштеп чыгышкан. Алар:

1️. Оорудан айыгуу үчүн убакыт талап кылынарын эсиңизден чыгарбаңыз. Ооруп айыккандан кийин бир канча убакытка чейин алсыздык, тез чарчоо, булчундардын тонусунун жоголушун сезишиңиз мүмкүн. Оорудан айыккан соң дароо мурунку жашоо ритмине кайтууга аракет кылбаңыз. Кайра калыбына келүү процесси жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша ар кимде ар кандай өтөт.

2. Күнүнө кеминде эки литр суюктук ичүү сунушталат. Компоттор, мөмө-жемиш суусундуктары, ит мурундун кайнатмасы, лимон кошулган чай жана таза суу, ага лимон кошсоңуз дагы пайдалуу. Ичеги-карындын иштешин нормалдаштырууга көмөктөшүүчү ачытылган сүт ичимдиктерин – айран, кефирди күнүмдүк рационго кошуу зарыл.

3. Майлуу эмес эт колдонуу сунушталат: уй, тоок, үндүк этин. Ошол эле учурда, кайнатылып бышырылган этке басым жасоо керек. Балыкты жегиле (бууга бышырылган же меште бышырылган). Мөмө-жемиш жана жашылча пюрелери да пайдалуу.

“Ашказанды толтуруп тамактанбаңыз. Калориялуу тамактарды күнүмдүк рационго акырындык менен кошуңуз. Курамында кант бар, куурулган, майлуу, ышталган азыктарды колдонуудан баш тартыңыз.

4. Күнүмдүк рацион сөзсүз түрдө курамында С витамини бар жемиштер менен жашылчаларды камтышы керек.
С витамининин эң белгилүү булагы – лимон, ошондой эле ит мурун, кара карагат, болгар калемпири, шпинат, петрушка, ат кулак жана укроп да С витаминине бай келерин унутпашыбыз керек.

5. Физикалык активдүүлүккө акырындык менен жана абайлап кайтып келүү керек. Алгач жай темпте аз убакыт жөө сейилдөөдөн баштап, акырындык менен темпти жана убакытты көбөйтүү сунушталат. Илдеттин оор түрү менен ооруп айыкккан адамдар алгач дарыгери менен кеңешиши керек. Эгер адам ооруга чейин спорт менен машыгып келсе, анда машыгууга бара-бара кайтып барышы керек.

6. Толугу менен калыбына келүү үчүн, күнүнө үзгүлтүксүз 8 сааттык түнкү уйку талап кылынат. Ошондой эле күндүз эс алууга убакыт бөлүшүңүз керек.

7. Организмдин коргоонуу күчтөрү төмөндөгөндүктөн, суук тийгизип алуудан сактанышы керек, муздак суусундуктардан баш тартып, талап кылынган санитардык нормаларды сактоону унутпаңыз.

❗️ Ошондой эле тамеки тартуудан жана спирт ичимдиктерин колдонуудан алыс болуу керек.