ВИДЕО: Окумуштуулар коронавирусту аныктоочу «акылдуу беткап» ойлоп табышты

Сингапурда окумуштуулар адамдын саламаттыгын көзөмөлдөп туруучу жана коронавируска чалдыкканын аныктоочу «акылдуу беткап» ойлоп табышты. Бул тууралуу Straits Times маалымат агенттиги билдирген.

Ойлоп табуучулар беткапка үч датчик орноштурушкан. Ал датчиктер дененин температурасын, кандын кислород менен каныгышын, артериалыдык кан басымын жана тамырдын кагышын көзөмөлдөп турушат.

Ыңгайлуу болуш үчүн чакан датчиктерди полимерден жасалган эластичный кездеменин ичине жайгаштырышып, аны беткаптын ички бетине бекитип коюшкан. Датчиктерде Bluetooth бар, ошондуктан бүт маалыматтар смартфонго берилип турат. Окумуштуулардын айткандарына караганда датчиктер суу өткөрбөйт жана аларды көп жолу кайра-кайра пайдаланса болот. Азыр алар үч датчикти бириктирген жаңы версияны сыноодон өткөрүп жатышат.

Беткапты ойлоп табуучулардын бири Ло Сянь Цзюнь, бул идея окумуштууларга коронавируска чалдыккан бейтаптардын абалын медиктер ар бир жарым саатта текшерип турушканын көрүшкөндөн кийин келгенин айтып берген. Мындай беткаптарды ооруканада жатышкан бейтаптарга кийгизсе, алардын абалын көзөмөлдөп туруу алда канча жеңил болоорун белгилейт окумуштуу.

Азыр мындай бир беткапты даярдоо $50. Бирок, ойлоп табуучулар, беткап массалык түрдө чыга баштаганда баасы $20 болуп калат деп эсептешет.