Окуялар

Мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда АКИpress агенттиги жазып чыкты.

Агенттиктин билдирмесине караганда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымат берген.

Ал шалаакылык жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча шектелүүдө.

Буга чейин Каржы полициясы аталган фактылар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгогон.

«Министрликтин жетекчилери кызматтык абалынан пайдаланышып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүп, анын кесепетинен мамлекетке 9 млн сомго жакын зыян келген. 15-сентябрда Жазык кодексинин 320-беренесине шектелип мурдагы саламаттыкты сактоо министри кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Булак: АКИpress

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button