Ырчы Айгүл Чалованын стресстен кийинки абалы: Адилеттүүлүк өлгөн жерде акыйкаттык ыйлап турат, жашоонун муңун көрбө…

Эстрада ырчысы Айгүл Чалованын жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүнүн маалымдап, учурда стресс абалында жүргөнүн өзү Инстаграмм баракчасына жазган эле. Ырчы Айым азыр жшоосун баласына арнап, ар бир адамдын эне жүрөгүндөй назик болгондо гана бардык үй-бүлө түбөлүктүү болоорун айтат:

“Жанымдын кабагы кантет. Бир нерсени чеччүдөй болуп. Жаным берекем аман бол, бул жашоонун бактылуулугун көр, жанбиргем.
Сени Кудайымдын бергенине кубанам, шүгүр кылам.
Менин кичинекейим,жашоонун жүрөк ооруткан муңун көрбө. Эч бир адамзаты көңүлүңдү оорутуп, ишеничиңди тепселебесе экен. Гүлдөй көңүлүң оорубаса экен.
Келечегиң кең, жолуң ар дайым ачык болсун. Кудайым өмүр берсе чарк айланып жаныңдан чыкпай, өмүр бою жаныңда болом.
Адилеттүүлүк өлгөн жерде акыйкаттык ыйлап турат демекчи, ар бир адамдын жүрөгү эне мээриминдей назик, боорукер болсо, бардык үй-бүлө түбөлүктүү түгөл болмок деп ойлойм.
Бардыгыңыздарга үй-бүлөлүк бакыт каалайм”,- деп жазды.