Вице-премьер: интеграциялык процесстер өлкө эгемендигине коркунуч келтирбейт

Интеграциялык процесстерге доо кетиргиси келген күчтөр бар. Бул тууралуу вице-пермьер, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров россиялык журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Ал СССР кулагандан кийин республикалар суверендүүлүккө ээ болгонун белгилеп, ошол эле учурда интеграция да керектигин айткан.

“Интеграция ЕАЭБ мейкиндигинде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө жүрүп жатат. Бул глобалдашуу. Эгемендүүлүк — эң баалуу нерсе, ошол эле учурда интеграциялык процесстер — кадыресе көрүнүш. Биз өнүгүшүбүз керек. Интеграциялык процесстерге доо кетирүүнү каалаган күчтөр эгемендүүлүктү жоготобуз деп айтып жатышат “, — деди Мадумаров.

Ошондой эле ал тарыхты, анын ичинде СССРди, айрыкча Улуу Ата Мекендик согуштагы окуяларды унутпоо керектигин белгилеген.