Окуялар

ИИМ: Митингдин катышуучуларынын арасында мас болгондор бар, ошондуктан тарап кетүүгө чакырабыз

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырат. Акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар. Жарандардын ден-соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болоорун эске салабыз.

Ошондуктан, жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды тарап кетүүгө чакырабыз.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button