Өкмөт аппаратынын кызматкерлери жумуш ордуна кире албай жатышат

Өкмөт аппаратынын кызматкерлери жумуш ордуна үч сааттан бери кире албай жатышат. Бул туурасында кызматкерлер өздөрү билдирди.

Ал арада Өкмөт үйү митингчилер тарабынан басып алынганы айтылууда.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан. Ошондой эле аймактарда дагы митингдер уланууда.