Жогорку Кеңешке шайлоо качан өтөт? БШКнын жообу

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин кызматтан кетиши боюнча маселе каралган учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Парламенттик кайра шайлоону БШК дайындайт. Ал дайындалган күндөн тартып эки ай ичинде өтүшү керек», – деген Шайлдабекова Боршайкомдо кайра шайлоо 20-декабрга дайындоо тууралуу план бар экенин кошумчалады.

БШКнын төрайымы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып конституциялык мыйзам боюнча учурда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катыша албай турганын айтты.

«Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Кеңешме жүргүзүлөт. Мыйзамдарда чектөө жок. Бирок ал кеңешме аркылуу чечилиши керек. Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо үч ай аралыгында өтүүгө тийиш. Эки субъект дайындайт, ошолор кеңешип чечет», – деди Шайлдабекова.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис өкүм сүрүүдө. Тополоңдон кийин БШК 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет. 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялаган. Ошол эле күнү премьер-министр Садыр Жапаров мамлекет башчынын да милдетин аткарарын, себеби парламент спикери Канатбек Исаев бул милдетти аткаруудан баш тартканын жарыялаган. Канатбек Исаев муну парламенттин 16-октябрдагы отурумунда дагы бир жолу ырастады.

Жогорку Кеңеш 16-октябрда Жээнбековдун кызматтан баш тарткан чечимин кабыл алды.