Сапар Исаков Францияга качтыбы?

5-6-октябрлардагы тополоңдун учурунда түрмөдөн жети күнгө – 13-октябрга чейин чыгарылган экс-премьер министр Сапар Исаковдун кайрылып келе электиги маалым. Ушундан улам коомчулуктун ичинде абалдан пайдаланып анын качып кеткендиги тууралуу каңшаарлар жүрүп жатат. Эми интернетте анын Франциядан башпаанек сурагандыгы тууралуу маалымат тарады.

Автордун бул маалыматты кайсы ишенчиликтүү булактардан алганы белгисиз. Бирок, жел болбосо камыштын башы кыймылдамак беле деген сыңары, бул каңшаар да бекеринен чыкпагандай.

Эскерте кетсек, Аламаз Атамбаев менен ата-баладай болгон Сапар Исаков Бишкек электр жылуулук борборундагы жана Тарых музейиндеги коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган.