Сапар менен Албек кайда? Сапардын кайда экенин үй-бүлөсү да билбейт

5-6-октябрдагы тополоңдун маалында абактардан чыгарылгандардын дээрлик баары кайра кайтарылды. Эскертүү берилгенине карабастан, экс-премьер министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов кайтып келише элек.

Ал эми социалдык тармактарда Сапар Исаков Франциядан баш паанек сураганы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева “Азатыкка” Сапар Исаковдун кайда экени тууралуу алардын да, үй-бүлөсүнүн да маалыматы жок экенин билдирип, Исаковдун өзүндө документтери болбогонун айткан. «Ибраимовдун да кайда экенин белбейм» деген.

Эскерте кетсек сот тарабынан Сапар Исаков 18 жылга, Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган. Сапар Исаков муну саясий куугунтук катары баалап, күнөөсүн мойнуна алган эмес.