АКШлык 14 жашар окуучу кыз адамзатты коронавирустан сактап кала турган ачылыш жасады

АКШлык 8-класста окуган өспүрүм кыз, эксперттердин баалоосуна караганда, коронавирус менен күрөшүүдө өтө маанилүү ачылыш жасаганы үчүн $25 000 доллар сыйлык жеңип алды. Бул тууралуу CNN билдирди.

14-октябрда Техас штатынын Фрискосунда жашаган 14 жашар индус кыз Аника Чебролу, америкалык жаш окумуштуулардын улуттук 3M Young Scientist Challenge конкурсунда жеңүүчү деп жарыяланды. Аника жаңы молекула ачкан. Эгерде Аника ачкан молекуланы модификацияласа, ал коркунучтуу вирустун адамдын организимне кирүүсүнө жол бербейт.

Миллиондогон молекулалардын ичинен компьютердик скрининг методу менен Аника таап чыккан молекула, коронавирустун кыпчуур сымал белокторун байлап таштайт да, анын адамдын организмине (клеткаларына) кирүүсүнө бөгөт коет.

Конкурс 3 М Young Scientist Challenge былтыркы жылдын декабрынан бери өткөрүлүп жаткан. Анын катышуучуларына – 5-8-класстардын окуучуларына, “күндөлүк жашоодогу маселелерди чечүүнүн уникалдуу жолун табуу” тапшырмасы берилген.

Аника Чебролунун жети айлык бул иши, адегенде кадимки эле гриппке каршы молекула табуу максаты менен башталган. Бирок COVID-19 пандемиясынын чыгышы жана планетага жайылышы анын долбоорун өзгөртүүгө түрткү берген.

Эми бул ачылышын практика жүзүндө ишке ашыруу үчүн, Аника Чебролу чоң кишилерден турган адистер менен кызматташууну пландаштырып жатканын билдирген.