Окуялар
10 жаштагы бала көп кабаттуу үйдөн кулап көз жумду
21-октябрда Бишкектин Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринен 10 жаштагы бала кулап түштү.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, баланын кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат “102” кызматына саат 16:40та түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 10 жаштагы Д.Д. аттуу баланын сөөгүн табышкан.
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Учурда сотко чейинки процесстин алкагында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды.