Нариман Түлеев Москвадан кайтып келгенден кийин кызматтан кетет
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэрдин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары Алымбек Абдылдаевди жана социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеваны кызматтан бошотту. Бул тууралуу борбордун муниципалитетинен билдиришти.
Бул кызматтарга ким дайындалаары азырынча белгисиз.
Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясына биринчи вице-мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев иш сапары менен жүргөн Москва шаарынан кайтып келгенден кийин кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазары маалымдалган.