Окуялар

69 жаштагы карыя 64 жаштагы бир тууганын балта менен чаап өлтүрдү (ФОТО)

2020-жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 17:17 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Саз айылындагы үйлөрдүн биринде киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал маалыматтын негизинде Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштерин жургузүшкөн. 69 жаштагы А.М. иниси 64 жаштагы А.Д. менен уруша кетишип, балта менен чаап жиберген. Жыйынтыгында алган жаракатынан улам окуя болгон жерден ал каза болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган 69 жаштагы А.М. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button