Коом

Жогорку сот БШКнын даттануусун карабай койду

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоонун кайра өткөрүлүшүн жокко чыгаруу боюнча даттануусун караган жок. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул эместигин билдирген БШКнын кассациялык арызы 28-октябрда түшкөн. Бүгүн Жогорку сот мамлекеттик пошлина (товардан алынуучу салык) төлөнгөнү туурасында далилдер жок болгондуктан доо арызды кайра кайтарган. Азырынча БШКнын юристтери кайрадан даттанаар-даттанбасы тууралуу маалымат жок.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Андан соң Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салган. Судья комиссия парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай туруп кайра өткөрүүнү дайындаган деген жүйө келтирген. Бирок БШКнын юристтери ал чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылышкан.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясына 48 саясий партия шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button