Саясат

Садыр Жапаров: Коррупцияны жоюу өтө татаал болууда. Ал үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл

Коррупцияга каршы күрөшүү өтө татаал болуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн ушу тапта өтүп жаткан жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жемкорлукту жоюуга шарт түзүү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл болууда:

“Коррупция менен күрөшүү өтө татаал болуп жатат. Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди жасап жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, а бизде энергобарондор болуп жатат”.

Жапаров өкмөт мүчөлөрүнөн көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунуштарды күтөрүн айтып, бюджеттин абалы жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр начар болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сом болууда. Ал эми ички дүң өнүм былтыркы жылга салыштырганда 6 пайызга төмөндөп кетти. Айыл чарбадан башка сектордун бардыгында көрсөткүчтөр начар экени белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button