Коом

ВИДЕО: “Жер үй” компаниясы айыл элинин жашоосун жакшыртууга жакшы жардам берди

Талас облусундагы “Жер үй” алтын-альянс компаниясы жергиликтүү элге жакшы жардам берип келет. Бул компаниянын берген жардамына бир топ айыл чарба техникалары сатып алынып,  элдин жашоосун жеңилдетип, жолдор оңдолуп, талаа иштерин аткарып жатат. Андан тышкары  бул компаниядан түшкөн каражатка көчөлөр заманбап лампалар менен жарыкталганын айтып, эл ыраазычылыгын билдиришүүдө. Бул жактан бөлүнгөн каражаттар айыл элинин жашоосун жакшыртуу үчүн жумшалып жатат.

Таш-Арык айылынын тургуну Арзымат Эсенаманов “Жер үйдөн” алынган техникалар тууралуу буларды айтып берди:

-Элге келген техника менен Кудайга шүгүр иштеп атабыз, элдин керегине жарап, жакшы кызмат кылып жатат. Канчалаган бузулуп калган жолдор оңдолуп, буга чейин бир да жолу казылбаган арыктар казылып жатат. Техникалардын иштеп жатканына эл ыраазы.

Бекболот Кошоев, Долон айылдык кеңешинин төрагасы:

-2015-жылы Алтын-альянстан 12 миллион сом акча бөлүнгөн. Ошол каражаттын ичинен КаМАЗ, трактор жана башка айыл чарбасына керектүү техникалар сатып алынган.  Алтын-альянстан айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна да каражаттар бөлүнүп турат. Ал каражаттарды көчөлөрдү  жарыктандыруу үчүн заманбап жаңы лампалар коюлган,- дейт Бекболот мырза.

Долон айылынын тургуну Дамир Давлеталиев төрт жылдан бери КаМАЗ айдап иштеп жатканын айтат. Бул камазды “Жер үй” каражат бөлүп, ошонун акчасына айыл элине сатып алынган. Техникалар элдин  талаа иштерин аткарып, жолдорго кум,  шагыл төгүү иштерин аткарып келет. “Жаман, ылай баскан көчөлөрдү түздөп,  талаа иштерин аткарабыз. Мурда айылдын жолдору бузулуп кеткен, унаа жүргөнгө да мүмкүн болбой калган. Азыр өзүбүздүн техникалар менен баарын түздөп койдук”,- дейт Дамир Давлеталиев.
Бул компаниянын  берген жардамы менен айыл эли бир топ иштерди бүтүрүп алышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button