Финпол: Акылбек Жапаровго тиешеси бар ишкананын салыкка 237 миллион сомдон ашык карызы аныкталды

“МИС” (Машина сыноочу станция) компаниясы 90 миллион сом салык төлөбөй келгени аныкталганын Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы билдирди.

30-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда компаниянын өндүрүш, соода жана айыл чарба тармагындагы 30га жакын объекти бар экени такталган.

Финполдун кабарына караганда, “МИС” ачык акционердик коомунун эки негизги акционери бар. Алар “E.C.L.” деп аталган оффшордук компания жана Ж.А.Б. аттуу кыргыз жараны.

Ачык булактарда аталган компания депутат Акылбек Жапаровго таандык экени, жубайынын атына катталганы айтылып жүрөт.

Аталган компанияга байланыштуу 2017-жылы да кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол учурдагы маалыматына караганда, ишкананын өкмөт алдындагы карызы 237 млн.791 миң 75 сомду түзгөн..