Дүйнө

Германиянын канцлери Ангела Меркель жөнөкөй эле квартирада жашайт (фото)

Ангела Меркелдин айлыгы расмий түрдө Владимир Путиндин маянасынан бир нече эселеп көп экендигине карабастан, Германиянын канцлери менен Россиянын президентинин жашоо стилинин айырмасы асман менен жердей. Германиянын башчысы дүйнөлүк саясаттагы өтө таасирдүү саясатчы жана ошондой эле дүйнөдөгү эң бай мамлекеттин лидери болсо дагы, эл катары эле өтө жөнөкөй жашайт. Ошондой экенин ал жашаган үйдөн эле көрсө болот.

Ангела Меркелдин квартирасы жайгашкан көп кабаттуу үй.

Ушул тапта ФРГнин канцлери күйөөсү менен Берлиндин борборунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги кадимкидей эле, карапайым адамдардыкы сыяктуу жөнөкөй квартирада жашайт. Үйдүн айланасында көптөгөн: сувенирлерди сатуучу дүкөнчөлөр, ресторандар жана азык-түлүк дүкөндөрү жайгашкан. Андыктан, мамлекеттин биринчи кишиси жашаган имараттын тегерегинде туристтердин кездешкени көнүмүш көрүнүш болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button