Дүйнө

Жаңы алган жаш аялынын түрүн көргөндө күйөөсүнүн жүрөгү түшүп, дароо ажырашууга арыз берген

Адамдын акылына сыйбаган бул окуя тууралуу News-fancy жазып чыкты.

Жаш жигит үйлөнөөр замат эле, келинчегин калтырып, өзү жумуш иштегени башка шаарга дароо жөнөп кетет. Колуктусун үйлөнгөнгө чейин көргөн эмес. Тойдун учурунда да жаш жубайы башынан жоолук түшүрбөй, жүзүн жаап олтурган. Андыктан жаш күйөө келинчегинин өңү кандай экенин оңчулуктуу көргөнгө да үлгүрбөй, жумушунан калбайын деп кете берген. Бул окуя Индиянын шаарларынын биринде болуп өткөн.

Эмне себептен күйөөсү колуктусунун жүзүн көргөн эмес? Анткени, Индиянын эл аз жашаган кээ бир шаарларында ушул кезге чейин балдарына ата-энелери аял алып беришет. Көпчүлүк учурда болочок жубайлар үйлөнгөнгө чейин бири-бирин көрүшпөйт. Жогорудагы окуя ошондой учурлардын бири болуп саналат.

Жигит көпкө чейин жумушунда иштеп жүрүп, үйүнө кайтып келет. Келип эле, келинчегинин жүзүн көрүп, жүрөгү оозуна тыгылган: аялынын бетине сакал өскөн экен. Үнү да корулдап, жоон болуп калыптыр.

Бирок, жаш келинчек бала кезинен эле ушундай болбоптур. Мындай өзгөрүү үйлөнүү тоюунан кийин келинчектин башынан өтүптүр. Адистер келиндин организиминде гормоналдык өзгөрүү жүргөн деп болжошууда.

Күйөөсү сабап, ажырашам деп, үйдөн кууганына карабастан, келинчегинин кетейин деген кенедей да оюу жок. Анын үстүнө кыздын себи да өтө бай келген. Эгер күйөө ажырашам деп, дагы эле көгөрө бере турган болсо, анда кыздын себин кайра төлөп берүүгө мажубур болот.

Булак: lisa

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button