Япония 2021-жылы Олимпиада оюндарын өткөрөрүн ырастады

COVID-19 илдетинен улам 2021-жылга жылдырылган Олимпиада оюндары, коронавирустун жайылышына карабастан, белгиленген убакытта өткөрүлөт. Бул тууралуу 16-ноябрда Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах менен Япониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга макулдашты.

Kyodo агенттигинин маалыматында, Суга ЭОКтун башчысы Бахтын Токиого болгон төрт күндүк иш сапары учурунда жолугушуп, анда Жайкы Олимпиадага даярдыктарды дагы талкуулашканы айтылат.

Бахтын айтымында, мелдеш учурунда көрүүчүлөр стадиондорго келе алышат.

Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндары тарыхта биринчи жолу тынчтык мезгилине жылдырылды. Олимпиада 2020-жылы жайында өтүшү керек болчу, бирок коронавирустун жайылышына байланыштуу ЭОК Япониядагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын 2020-жылдан 2021-жылга жылдырган. Алар 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтүшү керек.