Коом

ИИМ: Милиция жана ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскерлерине өкмөттүн сыйлыктары тапшырылды

2020-жылдын 20-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жыйындар залында Кыргыз милициясынын 96 жылдыгына карата ички иштер органдарынын кызматкерлерин,  ИИМдин Ички коопсуздуктук аскер кызматынын аскерлерин  өкмөттүн сыйлыктары менен сыйлоо иш-чарасы өттү.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан кызматтарын абийирдүү жана үлгүлүү аткаргандыктары үчүн милиция кызматкерлери, аскер кызматкерлери ыраазычылык алкыш сыйлыгы  жана баалуу белек кол сааттар менен сыйланышты. Сыйлангандардын арасында ички иштер органдары менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов да кол саат  менен сыйланды.

Сыйлыктарды ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков  тапшырды. Сыйлыктарды тапшырган соң, ички иштер министри бул сыйлыктар кызматкерлерге  мамлекетке, ички иштер органдарына  сиңирген эмгектери, жасаган иштери  бааланып берилип жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары дагы мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болушуна тилектештигин билдирди.

 ИИМдин башчысы мамлекеттик сыйлыкка татыган кызматкерлерди куттуктап, аларга бекем ден соолукту, талыкпас күжүрмөндүктү жана иштерине ийгиликтерди каалады.

 ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button